Баатыр эне» наамын берүү жобосу өзгөрөт

Жети жана андан ашык баласы бар энелерге ыйгарылган «Баатыр эне» наамын берүү боюнча жобого өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Президенттин тиешелүү жарлыгы коомдук талкууга чыгарылды.

Документте айтылгандай, учурдагы жобого ылайык жети (же андан ашык) бала төрөп, балдарынын бири соттолгон энелерди «Баатыр эне» орденине көрсөтүүгө мүмкүн болбой келет. Мындан улам тиешелүү жобого өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, (адам 18 жашка толгондо, жүрүм-туруму жана жасаган иши үчүн өзү жооптуу болгондуктан) 18 жашка толгон баласы соттолгон энелерди «Баатыр эне» наамына көрсөтүүгө (берүүгө) мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда, кылмыш-жаза жоопкерчилиги башталган курактагы (бойго жеткен балдарды кошпогондо) баласы соттолсо, ал жарандын энесине «Баатыр эне» ордени берилбейт.

Маалыматка караганда, 1992-жылдан бери Кыргызстанда «Баатыр эне» орденин 39 миңге жакын эне алган. Бирок, аталган чектөөлөр болбогондо «Баатыр эне» наамын алгандардын саны кыйла көп болмок.

Аталган өзгөртүүлөр «Эне даңкы» медалын алуучуларга да тиешелүү.

Президенттин жарлыгынын долбоору

Салыштырма таблица

Маалымкат-негиздеме

Related posts

23-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте чет өлкөлүк жаран кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Милиция маалымат берди

admin

Кыргызстандын айрым банктарында рублдин курсу сомдон ашты

admin

Комментарий