Бакыт Төрөбаев: Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат

Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Париж шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын ден-соолугу уюмунун улуттук Делегаттарынын 92-Башкы сессиясындагы сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Айтсак, “2025–2029–жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын” долбоору иштелип чыкты. Анын максаты, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мал чарба тармактарын туруктуу өнүктүрүү, өстүрүлүүчү породалардын азыктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзүү болуп саналат.

“Ырааттуу реформалардын, Президентибиздин жана Министрлер Кабинетинин колдоосунун негизинде, Министрлик, ветеринардык контролдоонун заманбап системасын түзүүгө, лабораторияларды модернизациялоого, чек ара ветеринардык өткөрүү пункттарын жабдууга, ошондой эле жаныбарларды идентификациялоонун алдыңкы ыкмаларын киргизүүгө жетишти. Бул чаралар эпизоотиялык туруктуулукту бир топ чыңдоого жана эл аралык рыноктордо коопсуз айыл чарба продукциясынын эркин кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди. Кыргызстан жаныбарлардын ден-соолугу, биологиялык коопсуздук жана азык-түлүктүн сапаты маселелерине өзгөчө маани берет. Бул маселелер мамлекеттик саясаттын чордонунда жана биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз болуп саналат. Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат”, — деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Related posts

Кыргызстанда 2 миңден ашык дыйкан дотация боюнча эгин себүү үчүн үрөн алды

admin

КР УКМК: Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды

admin

Сел түшкөн Бишкек-Ош жолунун 374-чакырымы ачылды

admin

Комментарий