«Турнирлерге ар дайым жан дүйнөм жана жоопкерчилик менен мамиле жасаганга аракет кылам». Бул тууралуу балбан Акжол Махмудов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Мен машыктыруучуларыма эмне карыз экенимди билем, мен үчүн 100 пайыз машыктыруучуларымдын үмүтүн жана эмгегин актоо маанилүү. Бизди алдыда Азия оюндары күтүп жатат. Колумдан келгенин кылам. Тарыхты бир гана окубайт, аны жаратып жана жазышат», — деп жазды ал.