Балдарга кол салуудан кийин Дублинде тополоң чыкты

Ирландиянын Дублинде балдарга кол салуудан кийин тополоң чыкканын Tengrinews.kz жазды.

Бейшембиге караган түнү Дублиндин көчөлөрүндө болгон тополоң тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жүздөгөн киши демонстрацияга чыгып, андан соң полиция менен кагылышкан. Митингчилер тартип сакчыларына бөтөлкөлөрдү ыргытып, полициянын унаасын өрттөштү.

Тополоңчулар трамвай менен автобусту өрттөп, бир нече дүкөндөрдүн терезелерин талкалашкан. Бир нече полиция кызматкерлери бычакталган.

Тополоңго бир күн мурда болгон кол салуу себеп болгон. Анда 5 жашар бала менен 30 жаштагы аял жана дагы эки бала жаракат алган. Окуя Чыгыш Парнелл аянтында, жергиликтүү мектептин жанында болгон. Бычак кармаган адам өтүп бара жаткандарга кол салып, жергиликтүү тургундар тарабынан куралсыздандырылган. Ошол эле учурда интернетте кол салган адам Алжирден келген мигрант экени тууралуу маалымат тараган.

Related posts

Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстанда 2,5 баллга чейин сезилди

admin

Акын Болот Назаров «Манас» театрына жумушка кирди

admin

«Жолдошум от жагып, күтүп турат». Бороон-чапкында 3 чакырым алыстагы мектепке барып иштеген мугалим тууралуу маалымат

admin

Комментарий