Балыкчыда муз тээп жүрүп, сууга түшүп кеткен бир туугандар куткарылды (видео)

Балыкчыда муз алдына кирип кеткен балдар куткарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

8-январь күнү болжол менен саат 15:25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда көлмөнүн үстүндө коньки тээп жаткан балдар, муз астына кирип кеткендиги маалымдалган.

Балыкчы ШИИБдин участкалык милициянын ыйгарым өкүлү, милициянын улук лейтенанты Амантур Бакиров өзүнүн кесиптештери менен тез арада жардам берүү үчүн окуя болгон жерге жөнөшкөн.

Көлмөнүн үстүндөгү муз жука болгондуктан, балдар сууда араң карманып турушкан.

Милиция кызматкери үстүндөгү формасын чече коюп, муз болгон көлмөгө кирип, балдарды куткарууга аракет кылды. Куткаруучу каражаттын жардамы менен балдарга сүзүп жетип, аларды жээкке чыгарууга үлгүрдү. Жээкте турган кесиптештери балдарды өздөрүнүн бушлаттарына орошуп, кызматтык унаага олтургузуп, жардам көрсөтүштү. Куткарылган балдар 10 жана 12 жаштагы бир туугандар болуп чыгышты. Алар медицина кызматкерлерине өткөрүп берилди. Балдардын ден соолуктарына коркунуч жок”,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында координациялык кеңешме өткөрүлдү

admin

ЖККУнун башкы катчысы уюм Европадагы процесстерге көз салып жатканын айтты

admin

Өлкөдө жыл башынан бери 19 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү төлөндү

admin

Комментарий