Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвага келгени айтылды

Кеп Башар Асаддын Москвага келип, Россиядан башпаанек алганы тууралуу болуп жатат. Бул маалыматты РИА Новости Кремлдеги булактарга таянып билдирген. Анда Сириянын президенти үй-бүлөсү менен Москвага келгендиги жана Россия аларга гуманитардык негизде башпаанек бергени айтылат.

Ошол эле учурда Сирияда кырдаал начар бойдон калууда. Al Jazeera агенттиги куралдуу оппозициянын Дамасктагы борбордук телеканалдын имаратын ээлеп алып, түз эфирде мамлекетке көзөмөл орнотконун жана Дамаскты башкарарын жарыялаганын жазды. Мындан улам Башар Асад Дамасктан чыгып кеткен. Анын учагынын радардан жоголушу тууралуу да кабарланган эле.

Бул окуялар Сириядагы саясий жана коопсуздук кырдаалынын ого бетер чыңалганын көрсөтүп турат.

Related posts

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

admin

Олимпиада-2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу атаандашынан жеңилип калды  

admin

Курултайга байланыштуу жол тыгыны күтүлөт

admin

Комментарий