Баткен облусунун башчысы дагы бир кызматка шайланды

Бүгүн, 9-апрелде Баткенде облустук футбол ассоциациясынын жалпы жыйыны өттү.

Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустук жетекчилер, район шаар башчылары, спорт комитеттеринин, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, футбол клубдарынын жетекчилери, машыктыруучулары жана Баткен облустук футбол ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Алгач Баткен облусунун футбол ассоциациясынын төрагасы Айбек Ражапов Баткен облусундагы футболдун абалы боюнча кеңири маалымат берди. Андан соң, Садыр Жапаровдун “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу, анын 8-пунктунда аймактык футбол ассоциацияларынын президентинин кызмат ордун президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ээлей тургандыгы белгиленгендигин билдирди. Ага ылайык, ассоциация мүчөлөрүнүн добушу менен, Баткен облустук футбол ассоциациясынын президенттигине Абдикарим Алимбаев шайланды.

Related posts

Санкт-Петербургда БРИКС-2025 эл аралык муниципалдык форуму өтөт

admin

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп Тилек Мамадалиев дайындалды 

admin

Кар жаабайт. 4-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий