Баткен, Ош облустарында түнү жана таңга жуук жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 4:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк чыгышка, Самаркандек айылынан 18 чакырым түштүк чыгышка, Рават айылынан 26 чакырым түштүк чыгышка, Лейлек районунун Лейлек айылынан 34 чакырым түштүк чыгышка карай белгиленди. Жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле бул түнү саат 2:44тө Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун аймагында күчү 2 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргызстан татаал маселелерди тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасын дүйнө менен бөлүшүүгө даяр

admin

Бишкекте кылмыштарды уюштурган Пакистандын жараны кармалды

admin

Марат Жуманалиевдин сөөгү бүгүн жерге берилери маалымдалды

admin

Комментарий