Баткен районунун тургуну өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды 

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң доллар (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган Баткен районунун тургунун кармаган.

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев кармалып, камакка алынды

admin

Ошто бир үй-бүлө иске ууланды. Беш жашар бала каза болду

admin

КР УКМК: ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду

admin

Комментарий