Баткенде 1 районго жана 2 айылга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн 1 райондо жана 2 айыл аймакта “Өзгөчө кырдаалдар” режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Тактап айтканда, Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу 24-июнда Кадамжай РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде «Өзгөчө кырдаал» режими район аймагына киргизилди. Мындан сырткары Лейлек районунун Катраң айыл аймагына жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иштер жүрүп жатат. Андыктан аталган айыл аймактарына да “Өзгөчө кырдаалдар” режими кирди.

Кечээ, 24-июнь күнү Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жамгырдан сел жүргөн. Жалпы облус боюнча жааган жамгырдын кесепетинен, алдын ала маалымат боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 соц. объектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш аракеттер уланууда.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык. Облустун Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМден 63 куткаруучу, 1 Хово, 1 экскаватор, 2 мотопомпа, №46 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 Хово, жергиликтүү бийликтен 400 адам, 2 самосвал, 1 жүктөгүч, СЭКтен (санитардык-эпидемиологиялык кызмат) 39 кызматкер, ИИМден 50 кызматкер, тез жардамдан 30 кызматкер, ыктыярчылардан 110, жалпы 692 адам, 8 техника тартылган. Ал эми Лейлек районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМден 36 куткаруучу, №13 ЖТИден 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылган.

Related posts

Дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубеков табылды

admin

Активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды

admin

Кадамжайда жайлоого чыккан 3 адам куткаруучу чакырууга аргасыз болушкан

admin

Комментарий