Баткенде 332 турак жай колдонууга берилди

2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен, Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө.

Бүгүн, 24-февралда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашуу учурунда Акылбек Жапаров чек ара, жазгы талаа иштерине жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Тажикстан менен дагы чечебиз. Маселе Президенттин көзөмөлүндө. Президенттин тапшырмасы менен бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктоодо. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун”,-деп белгиледи МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин толук салынып бүткөн турак жайларды кошкондо бүгүнкү күндө 332 үй колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.

Related posts

Салттуу ислам түшүнүгү боюнча жыйын болуп өттү

admin

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди 

admin

12-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий