Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө катталды 

Раззаков шаарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 23-март саат 02:07де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

УКМК тарабынан эл аралык героин каналы табылып, 175 кг,  600 млн. сомдук баңгизат алынды

admin

Ноокатта 30 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

admin

Азия оюндары: Назим Нурланов коло байгеге ээ болду

admin

Комментарий