Баткенде чек арада каза болгон эки кызматкердин ысымы көчөгө берилди

Баткенде чек арада каза болгон эки баатырдын ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Айдаркен шаарындагы көчөгө Ички иштер министрлигинин атайын багытталган полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысымы ыйгарылды. Ал 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 23 жашында мекен чегин коргоп жатып набыт болгон баатырга (каза болгондон кийин) өлкө башчысы тарабынан «Эрдик» медалы ыйгарылган.

Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө Марат Ташмирзаевдин ысымы берилди. Ал да 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон. 20 жашында мекен чегинде каза болгон чек арачы Чек ара кызматынын Бөрү атайын отрядында кызмат өтөп жаткан.

Баатырлардын ысымын ыйгаруу аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, баатырлардын жакындары, айылдаштары, кесиптештери катышты.

Related posts

«Туулган күнүндө жерге берилген». Бүгүн Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун туулган күнү

admin

Камчы Көлбаевдин айдоочусу болгон «Данила» кармалды (видео)

admin

23.10.23 кооз датасында өлкөдө 115 түгөй баш кошту

admin

Комментарий