Баткенде дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси парламентте көтөрүлдү

Баткендеги соңку окуядан кийин дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде көтөрүлдү. Депутат Дастанбек Жумабеков ал жоокер Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну экенин айтты:

“Ата-энеси аябай сарсанаа болуп, кайгырып, күтүп жатат. Ушул боюнча эмне иш жүрүп жатат, эмне болуп жатат, күч органдары жыйынтык маалымат берип койсо”.

Бул маселе боюнча комитеттин атынан протоколдук тапшырма берилмей болду.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана УКМКга кайрылышкан.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, «Озоди» радиосу 70 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Эки өлкөнүн атайын кызмат башчыларынын 25-сентябрдагы жолугушуусунда Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы төрт бекетти алууну макулдашты.

Related posts

Каныбек Осмоналиев: «Эгемендүүлүк башаты эне тил үчүн күрөштөн башталган» 

admin

“Мага жин кирип кеткен”. Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескиледи деген шектүү күнөөнү мойнуна алган жок

admin

Нурланбек Шакиев Улуу Британияга барды. Аны кимдер коштоп кетти?

admin

Комментарий