Баткенде электромобилдер үчүн электр станциясы ишке киргизилет 

Баткен облусунда электромобилдер үчүн электр станциясы ишке киргизилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүндө өткөн бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин отурумунда айтылды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, облус башчысы Абдикарим Алимбаев иш-чара бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болуусу керектигин айтып, маселелер ачык-айкын каралып, ишкерлерге тийиштүү колдоолор ыкчам көрсөтүлүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Бул ирет да отурумга бардык тийиштүү министрлик, агенттиктердин өкүлдөрү катышып, ишкерлердин маселелери каралды.

Анда Кызыл-Кыя шаарындагы «Ирадан ЛТД» ишканасынын балык чарбасы үчүн жер участогун трансформациялоо, Кадамжай районунда «Ишкерлерди колдоо борборун ачуу» маселелери талкууланды. Ошондой эле экспортко чыгуунун артыкчылыктары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу механизми, консалтинг кызматтарын өнүктүрүү боюнча баяндамалар болду.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен облусунда электромобилдер үчүн электр станциясын ишке киргизүү долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Иш-чаранын соңунда облустун өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлерге өкүлчүлүктүн сыйлыктары тапшырылды.

Related posts

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

admin

Жаан жаайт. 7-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий