Баткенде пара алып жаткан жол тескөөчүлөр кармалды (видео)

Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан тиешелүү иштерди уюштуруунун жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан системалуу түрдө пайдаланып, транспорт каражаттарынын айдоочуларынан, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузгандардан административдик протоколдорду түзбөгөндүгү жана административдик айып пул салуу үчүн опузалап акча өндүрүүгө туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алгандары аныкталды.

Топтолгон текшерүү материалдарынын негизинде Баткен ОИИБнин Жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду, анын алкагында сот органдарынын санкциясынын негизинде атайын тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, анын натыйжасында 9 кызматкеринен пара алуу фактылары аныкталган.

24-январда Баткен-Раззаков унаа жолунун айыл аймагындагы тилкесинде, Баткен районунун Көк-Таш айылында кезектеги мыйзамсыз акча алуу учурунда Баткен ОИИБнин жол кайгуул кызматынын кызматкерлери милициянын старшинасы Т.А.К жана Ю.Б. кармалды.

Related posts

Чүйдө айыл аймагынын башчысы УКМКнын кызматкерине 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалды 

admin

Ошто УКМК кызматкеринин кармалышы: массалык маалымат каражаттары хайп чыгарып, жалган маалымат таратыштыбы?

admin

Design Community Built Omaha Fashion Week From The Runway Up

admin

Комментарий