Баткендеги капчыгайда дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинистти издөө иштери башталды

Бүгүн, 21-февралда таң эрте орусиялык альпинистти издөө башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча ал Лейлек капчыгайындагы Ак-Суу чокусунан акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң, альпинист менен байланыш үзүлгөн. Аталган чоку Баткендин Лейлек районунда жайгашкан.

Учурда дайынсыз болуп жаткан орусиялык жаранды издөөгө 20-февралда ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адады издөөгө орусиялык 3 альпинист кошулду.

  • Орусиялык альпинист Евгений Глазунов Баткен районундагы Ак-Суу (Лейлек) капчыгайында дайынсыз болуп жатат. Mountain.ru порталынын маалыматы боюнча, альпинист акыркы 60 сааттан бери байланышка чыга элек. «Чаплинскийдин маршруту боюнча жалгыз кеткен. Ал кырга чыгып, көтөрүлүү сызыгы боюнча түшө баштаган. Акыркы жолу үч күн мурун, саат 15:00дө байланышка чыгып, «Крест» аймагында экенин, ылдый түшүүнү улантып жатканын билдирген», — деп айтылат билдирүүдө.

Related posts

Баары чогуу ыйлап. Ким Чен Ын Энелер конгрессинде көзүнө жаш алды

admin

Лавров: Россия менен Кыргызстандын аймактык маселелер боюнча позициясы жакын

admin

Жаратылышка өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы менен «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды

admin

Комментарий