Баткендеги куткаруучу Тажикстандын кол салуусу тууралуу: «Эң оору каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу болду»

Сабыр Абдраимов — үй-бүлөдө камкор ата болсо, жумушунда мыкты кызматкер. Ал ӨКМдин Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында улук куткаруучу, авариялык куткаруу иштеринин нускоочусу болуп эмгектенет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ал 1990-жылдын 25-майында Баткен шаарынын азыркы Кызыл-Жол кварталында туулган. Орто билимге ээ болгон соң, Чек ара кызматында аскердик кызмат өтөөгө чакырылган. Ал өткөн жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларын өз көзү менен көргөн.

“Акыркы чек арадагы окуя баарыбыздын дилибизди, жан дүйнөбүздү ойготту. Мектеп партасында тааныган ата журтубуздун ыйыктыгын, мекенибиздеги тынчтыктын баркын сездирди. Буйрук берилер замат алгачкылардан болуп командирибиз менен кошо 4 кызматкер чек ара айылдарына кирдик. Алгач ызы-чуу, будуң-чаң түшкөн аймакта түшүнүксүз сезимдер болуп жатты. Бирок бул абалдан чыгып, заматта мекен деген бир сөздүн кудурети, жигиттик намыс ойгонду. Кадимки согуш талаасын өз көзүбүз менен көргөнгө ишене алган жокпуз. Чек арачылар менен кошо жумуш алып бардык. Өмүр менен өлүм арбашкан аймакта ок атуулардын гана үнү угулуп жатты. Эң кенже иним да бул убакта биз турган айылда согушта болчу. Эң оор учур, каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып чыгуу болду. Өкүнүчтүү… Эмне деген жаш өмүрлөр кыйылды», — деди ал.

Related posts

«Социал-демократтар» Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранышты

admin

Бишкекте телефондук террорист жарым жылга эркиндигинен ажыратылды

admin

«Тормозни — Сникерсни!». Ташиев ундан «хайп» жасаган депутаттарга кайрылды

admin

Комментарий