Бийлик телефон алдамчылары менен кантип күрөшөрүн айтты

Абакта жаткандарга телефон киргизген адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Кемел Садыков парламентте билдирди.

Ага депутат Дастан Бекешев колонияларда жана тергөө абактарында жатып алып элди алдаган телефон шылуундарына каршы кандай чаралар көрүлүп жатканы боюнча суроо узаткан.

Садыков бул олуттуу көйгөй экенин моюндап, күрөш жүрүп жатканын айтты.

«Тыюу салынган буюмдарды мекемелерге киргизүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Учурда телефон бергендерге 17,5 миң сом айып салынат. Биз бул сумманы жогорулатууну, эгер экинчи ирет кайталанса кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштап жатабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, эсебиндеги акчасын шылуундарга алдаткан жарандар көбөйүүдө. ИИМ дагы жарандарга сак болууну байма-бай эскертип келет. Ал эми Улуттук банк элди шылуундардан коргоо үчүн долбоор иштеп чыккан.

Related posts

В Чуйской области закрыли незаконное медресе

admin

Сардана Трофимова завоевала бронзу чемпионата Азии по полумарафону

admin

ГКНБ: Государству возвращено незаконно приватизированное имущество

admin

Комментарий