Билим берүү системасындагы коррупция. УКМК мектеп директорлоруна кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти

Бүгүн Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясында мектеп директорлору үчүн “Билим берүүдө коррупцияны болтурбоону алдын алуу” темасындагы жыйын өттү.

Жыйынга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Калыбек Ибраев, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана бир катар мектеп директорлору катышты.

Калыбек Ибраевдин айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында УКМК жыл башынан бери билим берүү тармагында мыйзамдарын расмий түрдө бузган фактыларды аныктаган.

Буга байланыштуу УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине жана шаардык мектеп директорлоруна мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, бул
Билим берүүдө коррупцияны болтурбоону алдын алуу боюнча акыркы иш-чара жана акыркы эскертүү экенин баса белгиледи.

Related posts

Балаңыз эмделдиби? Эмделбеген жеткинчектер бала бакча, мектептерге киргизилбейт

admin

23-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

 Чек Ара кызматы:  Өзбекстандын чек арачылары кирип келди делген видео чындыкка дал келбейт

admin

Комментарий