Бир кыздын өмүрүн алган тез татымдагы жарылуу. Жалал-Абадда үч киши кармалды

Жарылуудан адам каза болгон тез татым түйүнүн мыйзамсыз орнотуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, калаа мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги менен айрым кызматкерлери муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталган.

«Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору И.К.Б., инспектор А.Т.А., түйүндүн ээси М.З.А. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ошондой эле тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Related posts

«Жарым жылда 680 миң сом алган». Жеке компаниядан акча талап кылган шектүү кармалды

admin

Бишкекти каптаган кара түтүн кайтып келеби? Бакыт Төрөбаевдин жообу

admin

Кеминдин Боролдой айылы таза суу менен камсыз болду

admin

Комментарий