Бир жуманын ичинде Санкт-Петербургда 400дөн ашуун мигрант депортацияланды

Бир жуманын ичинде Санкт-Петербургдун соту Орусияда жүргөндө мыйзам бузган 400дөн ашык мыйзамсыз мигрантты депортациялоо чечимин чыгарды.

Маалым болгондой, 25-марттан бери Санкт-Петербургдун райондук сотуна 584 иш түшүп, анын 515и каралып бүттү.

Соттор тарабынан 418 мыйзам бузуучуга айып пул салуу жана өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынып, алар чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. 48 учурда мигранттарга Орусиянын аймагынан өз алдынча чыгып кетүүгө буйрук берилген.

Related posts

Гапыр Мадаминовго сыйлык ыйгарылды

admin

Нурланбек Шакиев Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

admin

Мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда 

admin

Комментарий