Бир жуманын ичинде Санкт-Петербургда 400дөн ашуун мигрант депортацияланды

Бир жуманын ичинде Санкт-Петербургдун соту Орусияда жүргөндө мыйзам бузган 400дөн ашык мыйзамсыз мигрантты депортациялоо чечимин чыгарды.

Маалым болгондой, 25-марттан бери Санкт-Петербургдун райондук сотуна 584 иш түшүп, анын 515и каралып бүттү.

Соттор тарабынан 418 мыйзам бузуучуга айып пул салуу жана өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынып, алар чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. 48 учурда мигранттарга Орусиянын аймагынан өз алдынча чыгып кетүүгө буйрук берилген.

Related posts

Бишкекте кызды сабаган деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

admin

“Ата-Бейитте” кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын курман болгондорун эскерүү митинги өттү»

admin

Садыр Жапаров: “Аскар Акаевди пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт деп ойлойм”

admin

Комментарий