«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.    

УКМК тарабынан КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары — КР МБК) ишиндеги коррупциялык схемаларды демонтаждоо жана акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга багытталган кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызмат адамдары тарабынан тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынан системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ыкчам-техникалык иш-чараларды өткөрүүдө КР МБКнын жооптуу адамдарынын, тагыраагы «Бишкек” эркин экономикалык аймагынын” (Ак-Чий) инспекторлорунун жумуш орундарынан видеоматериалдар алынган.

Алынган материалдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун жүрүшүндө «Бишкек ЭЭА» бажысынын кызматкерлери системалуу негизде тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынан декларациялар, эсепке алуу журналдары жана башка документтер менен бирге 3000-5000 сом өлчөмүндө акча каражаттарын алышкандыгы аныкталган, андан соң аларды дароо формасынын чөнтөгүнө салып турушкан.

2025-жылдын 15-октябрында КР УКМК менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүндө (пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө КР МБКнын төмөнкү кызмат адамдары кармалды:

— 10.04.1978-ж.т., «Бишкек» ЭЭАнын Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспектору, бажы кызматынын  подполковниги  К.Д.Д.;

— 29.10.1978-ж.т., Бишкек ЭЭАнын Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун улук инспектору,  бажы кызматынын майору А.М.А.;

— 30.11.1988-ж.т, “Бишкек” ЭЭА бажысынын Бажы тейлөө борборунун бажылык жол-жоболоштуруу тобунун улук инспектору, бажы кызматынын капитаны А.М.А.;

— 1976-жылдын 3-октябрында туулган, Бишкек ЭЭА бажысынын Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун инспектору, бажы кызматынын майору Т.Ж.А.;

— Бишкек ЭЭА Бажысынын Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун инспектору, 1971-жылдын 7-августунда туулган бажы кызматынын майору Н.Н.М.

       Жогорудагы кармалгандар 2025-жылдын 23-ноябрына чейин КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин тергөө абагына киргизилди.

       Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тутумундагы жогорудагы  туруктуу коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

       Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республиканын бардык аймагында, өзгөчө министрликтер менен ведомстволордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринде коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүүнү эскертет.

Related posts

Ошто жоокер каза болду

admin

Замирбек Сыдыков Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды

admin

«Досун эстейм деп, өзү эскерилип калды». Рахман Разыковдун китебинин ачылышы болду

admin

Комментарий