Бишкек мэри менен «Тазалыктын» жетекчиси таштандыны жерге таштаган жигитти колго түшүрдү (видео)

«Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады. Ал Бишкек мэри Айбек Жунушалиев экөө таштанды таштоо боюнча шаар кыдырып жүргөн.

Видеодон көргөндөй, араба сүйрөп келген жигит таштандыны таштанды салган контейнерге эмес, жерге төгүп коюп кетип бара жатканын көрүүгө болот. Калаа башчысы менен жетекчи ага барганда, жыйноо «тазалыкчылардын» милдети экенин айтып, ал тургай бирөөгө чалууга да аракет кылган.

Related posts

Бүгүнтөн баштап жаңы №146 автобустук каттам ишке кирет

admin

ИИМ: Ошто адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүйдөн кармалды  

admin

Бишкекте 4000 сомдон көмүр сатылууда 

admin

Комментарий