Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорт үчүн жол акыны көтөрүүнү камтыган токтом долбоорун даярдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу “транспорт тармагында оор кырдаал түзүлүп калганы” белгиленген.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиевдин белгилешинче, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти.

«Транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттардын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болуп жатат. Транспорт каражаттарынын запастык бөлүктөрүн сатып алууга каражаттын жоктугу транспорттордун каттамга чыгышынын кыскарышына, жүргүнчүлөрдүн көп күтүп калышына, шаардыктардын даттанууларынын көбөйүшүнө алып келди», — деп айтылат маалыматта.

Токтомго ылайык, жол кирени көтөрүүнүн үч варианты сунушталып жатат. Троллейбустарда жана автобустарда жол кирени 15 сомго, менчигинин түрүнө карабастан кичи класстагы автобустарда күндүзү 21 сомго, түнкүсүн 32 сомго чейин, кичи класстагы айрым экспресс автобустардын жол киресин (кичи автобустарда) 22-32 сомго чейин көтөрүү пландалууда.

Долбоор качан карала турганы айтылган жок.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2021-жылы көтөрүлгөн. Былтыр июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Мэрия шаардык кеңешке маршруттук таксиге жол кирени 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун киргизип, жол кире көтөрүлгөн. 

Related posts

Садыр Жапаров эмнеге маалымат жыйын өткөрбөйт? Өзү жооп берди

admin

Трамп Зеленский кен байлыктар боюнча келишимден баш тартып жатканын айтты

admin

Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды

admin

Комментарий