Кыргызгидромет 23-27-октябрга карата Бишкек шаары боюнча аба ырайынын болжолун билдирди.
Бишкек шаарында 23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүн биринчи жарымында жаан жаап, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9°, күндүз +13…+15.
24-октябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17.
25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +18…+20.
26-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21.
27-октябрда түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+7, күндүз +13…+15.