Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге майда бейбаштык жасаган жаран жеткирилди

Белгилей кетсек, социалдык тармактардын бирине Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында жайгашкан Өкмөт үйүнүн алдында белгисиз жаран коомдук тартипти одоно бузуп, оозго алгыз сөздөр менен өлкө жетекчилигинин абройуна шек келтиргендиги видео тасмада көрсөтүлгөн.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин МЭКне алынып текшерүү иштери башталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан О.Ж., атту 1981 жылы туулган жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилип ага карата Укук бузуулар жөнөндө кодексинин 126 (майда бейбаштык) беренеси менен протокол түзүлүп ал 24 саатка РИИБге убактылуу кармалды. Ошондой эле, юридикалык баа берүү үчүн Биринчи май районунун соттуна жеткирилет.

Бишкек шаарынын укук коргоо органдары эскертет! Урматтуу шаардыктар жана коноктор, коомдук жайда оозго алгыз сөздөр менен сөгүнүү же башка жарандын абройуна шек келтиргендиги үчүн мыйзам чегиде жоопкерчилик каралганын эске салабыз.

Related posts

Москвада «Мега Химки» соода борборунан өрт чыгып, 1 киши каза  болду

admin

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен жөнөп кетти

admin

Парижде Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү

admin

Комментарий