Бишкек шаарынын № 97 кесиптик лицейинде 23-Февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кызматкерлери жана №97 темир жолчулардын КЛ окуучулары менен бирдикте “Эр жигит эл четинде- жоо бетинде” деген темада сынак өткөрүлдү.
Сынактын максаты : окуучуларды Ата-Мекенди коргоого, аны көздүн карегиндей сактоого тарбиялоо жана патриот , ар намыстуу Ата-Мекендин чыныгы атуулу болууга шыктандыруу.
Сынакка лицейдин окуучулары эң жогорку деңгээлде даярданып, төмөнкү үч бөлүк менен тапшырмаларды аткарышты:

  1. Патриоттук ырларды аткаруу менен марштан өтүү.
  2. Калашникова куралын чачуу жана чогултуу.
  3. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү .
    Ошондой эле окуучуларга Өзгөчө кырдаалар министирлигинин өкүлдөрү жарандык коргонуу боюнча атайын көргөзмө уюштурушту.
    Анда өрт коопсуздугунан сактоо, биринчи медициналык жардам, экстремалдык абалдарда кандай атайын буюмдар колдоонууларын корсотулуп окуучуларга түшүндүрүлдү.
    Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө лицейдин ардак грамоталары жана ӨКМ кызматкерлери менен лицейдин окуучулары концерттик программа тартуулашты.

Related posts

ЖК аппарат жетекчисинин орун басары болуп Алайбек Алымбаев дайындалды

admin

Go Wild For Western Fashion With These Pioneering Outfits

admin

Сузактагы кырсык. Жерге-Тал айылынын мугалимдерине психологиялык, медициналык жардам көрсөтүлдү

admin

Комментарий