Бишкек ЖЭБде чыккан өрт боюнча маалымат беришти

Бишкек ЖЭБде чыккан өрт боюнча ӨКМден маалымат беришти.

«ЖЭБдин аймагында кырсык болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 03:06да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм, Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен ЖЭБдин 3 кызматкери жабыркап Тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген. Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат 

admin

В Бишкеке воздух прогреется до +11 градусов, – прогноз погоды на 28 февраля 

admin

Садыр Жапаров Бакуга барды

admin

Комментарий