Бишкекке 20 жаңы автобус келди 

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, кыймылдаткычы газ менен иштейт. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган. Анда 26 орундук жайгаштырылып, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкталган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.

Related posts

«Коопсуздук маселесин тыкыр карагыла дегенбиз». Уюштуруучулар кырсык боюнча үн катты

admin

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

admin

Бишкекте Циндао институту сунуштаган катализатор сыналууда

admin

Комментарий