Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын июль айында үч эм төрөлгөн (эки уул жана бир кыз) үй-бүлөдөн кабар алды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр үй-бүлөгө чың ден соолук, жакшылыктарды каалап, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.
Эске салсак, Нурзада Сатымкулова үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Шаардык перинаталдык борбордо үч эмди жарыкка алып келген. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай аттуу ысымдар берилген.