Бишкекте маршруткалардын ордуна №103 каттамга автобустар чыга баштаганын мэриядан билдиришти.
Бул каттамды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт. Маршрут Садырбаев көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейин барат. Узундугу 34,8 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Линияда 20 автобус бар.