Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн делген жаран кармалды 

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

9-январда саат 07:10 чамасында айдоочу белгисиз жаран Жибек-Жолу проспектиси менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган жаран жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган.

  • 9-январда таңга жуук Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Кыз Жибек-Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон.

Related posts

КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган дагы бир фактыга бөгөт коюлду

admin

И.Ахунбаев атындагы КММАда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жолугушуу өттү

admin

Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

admin

Комментарий