Бишкекте 22 жаштагы кыздын бөйрөгүн бекер алмаштырышты (сүрөт)

Бүгүн, 1-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган. Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.

Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Related posts

Бүгүн Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар онлайнга өттү

admin

Кыргызстанда издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен Россиядан кармалды 

admin

Жаңы 5000 сомдук акча жүгүртүлө баштады

admin

Комментарий