Бишкекте 2,5 миң окуучу хор менен Манас айтты

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 2 миң 500 окуучу хор менен Манас айтты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара «Урааным Манас» кароо-сынагынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.

Related posts

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Байге фонду 1 миллион сом. Бишкекте акындардын айтышы өтөт

admin

Жаан жаайт. 3-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий