Бишкекте 300 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

27-майда ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери Э.Н.Э. кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында, аталган кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Аталган факты боюнча буга чейин УКМК тарабынан ички иштер органдарынын ушул эле бөлүмүнүн эки ыкчам кызматкери кармалган. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

Унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алгандарга 15 миң сом айып пул салынды

admin

Актер Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болот

admin

Ташиев «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту

admin

Комментарий