Бишкекте 32 бүтүрүүчү “Алтын тамга” аттестатын алды

Бишкекте мектептин 32 бүтүрүүчүсү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алды.

Артыкчылык аттестатты тапшыруу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Эскерте кетсек, “Алтын тамга” аттестатына өлкө боюнча 80 бүтүрүүчү татыктуу болгон. Анын 40 пайызы Бишкектин окуучулары.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча 57 окуучу жогорку балл алган.

Related posts

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

mediaportalk

Азим Акматов: Атыр Абдырахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө себептер бар

mediaportalk

УКМК: Кемин районундагы стоматологиялык клиниканын директору кармалды

mediaportalk

Комментарий