Бишкекте 5-июндан тарта жайкы мектеп лагерлери ачылат

Бишкекте жайкы мектеп лагерлери ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан калаанын 39 мектебинде лагерлердин иши уюштурулуп, анын ичинде 34 мектепте тамак-аш камтылган.

Муниципалитеттен белгилешкендей, лагерлер 5-июндан 30-июнга чейин иштейт. Мектеп лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иш алып барып, 4 миң 300гө жакын окуучуну камтыйт.

Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп, эс алууну каалаган окуучулардын тизмелери, лагерлердин иш пландары, жайкы каникулга карата балдардын чыгармачылык борборлорунун ийримдеринин жана спорт секцияларынын иштери такталып жатат.

Мектеп лагеринин иштөө мезгилинде балдар ийримдер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат, маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат. Балдар үчүн балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин уюштурат.

Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугун мектеп коопсуздук кызматы камсыздайт.

Related posts

Ошто УКМК кызматкеринин кармалышы: массалык маалымат каражаттары хайп чыгарып, жалган маалымат таратыштыбы?

admin

Жаңы автобекет: Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына маршруттук каттам ачылды

admin

Улуттук гвардияда ачык эшиктер күнү өттү

admin

Комментарий