Бишкекте 50 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен укук коргоочу кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо системасындагы коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө КР УКМК тарабынан ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 50 000 АКШ долларын опузалап алган укук коргоочу Н.Д.М. кармалды.

Тактап айтканда, Н.Д.М. аттуу жаран ар кандай мамлекеттик органдарда жабырлануучунун кызыкчылыгын коргоп, ишеним кат менен иш алып барып, КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдары менен түзүлгөн келишимге таянуу менен кылмыш иши боюнча соттолуучулардын бирин камактан бошотуу шылтоосу аркылуу 50 миң АКШ долларын опузалап алганы аныкталган.

2025-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын жараны Н.Д.М.  20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесине киргизилген.

Учурда тергөөнүн алкагында КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдарынын аталган Н.Д.М. тарабынан опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.

Related posts

«Раззаков-Бишкек-Раззаков» багыты боюнча 22 млн. 500 миң сомдон ашык суммадагы авто унаа токтотуучу жайдын жер тилкеси ыктырдуу түрдө мамлекетттин балансына кайтарылды

admin

ЖККУнун башкы катчысы уюм Европадагы процесстерге көз салып жатканын айтты

admin

Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат

admin

Комментарий