Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 6-апрелде Кыргызстанда аба ырайы өзгөрмөлүү болот. Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоо жолдорунда муз тоңуу (гололедица) күтүлөт.
Шамал батыштан согуп, 4–9 м/с, айрым жерлерде 15–20 м/с чейин күчөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +8…+13°, күндүз +20…+25°
- Суусамыр өрөөнүндө: түнкүсүн -3…+2°, күндүз +1…+6°
- Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +19…+24°
- Баткен облусунда: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +21…+26°
- Ош жана Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +21…+26°
- Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +3…+8°, күндүз +18…+23°
- Нарын облусунда: түнкүсүн +3…+8°, күндүз +18…+23°
- Бийик тоолуу аймактарда: түнкүсүн -1…-6°, күндүз +3…+8°
Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз өзгөрмө булуттуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +22…+24°.