Бишкекте абактан жаңы чыккан жаран кайра кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2024-жылдын январь айында Бишкек шаарынын Валиханов көчөсүндө токтоп турган КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын ичинен белгисиз адамдар 50 миң сомдук телефонду уурдап кетишкен. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган.

ИИМдин ыкчам кызматынын кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган жаран кармалган, ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал акыркы жолу ушул жылдын январь айында абактан чыгып, дароо эле «эски» ишин колго алган.

Кармалган адам Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Related posts

«Биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз». Эрбол Султанбаев «Азаттыктын» айланасындагы кайрылууга реакция кылды 

admin

Ошто УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. Дагы бир шектүү кармалды 

admin

Telegram аркылуу «ИГИЛ» уюмуна азгырылган кыргызстандык кармалды

admin

Комментарий