Кечээ, 21-мартта Бишкекте жол кырсык катталып, жөө киши каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Раззаков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаа 39 жаштагы жөө кишини сүзүп кеткен, ал ошол жерден жан берген. Шектүү кармалды.