Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болду. Шектүү кармалды 

Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган. Факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталган. Окуя болгон жерде толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы убакта бул факты боюнча териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш чаралар жүрүүдө.

Related posts

Жо Байден менен жубайы Садыр Жапаровду коноктоду

admin

 Европа өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

admin

Депутат мэрияга эскертти: автобустар жол кирени көтөрбөш үчүн сатылып алынган

admin

Комментарий