Бишкекте аскердик кол кармаш урушу боюнча мелдеш өттү 

 Бишкекте аскердик кол кармаш урушу боюнча эркектер жана аялдар арасында мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Мекенди коргоочулар күнүнө, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына жана Коргоо министрлигинин Башкы штабынын «СКОРПИОН» атайын багыттагы бригадасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата арналды.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун 85 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери;
1-орун 95 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери;
1-орун 95 кг жогору — 9-кызматтын кызматкери.

2-орун 70 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери.
2-орун 90 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери.

3-орун 75 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери;
3-орун 80 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери;
3-орун 85 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери;
3-орун 95 кг чейин — 9-кызматтын кызматкери.

Белгиленгендей, мелдешке жалпысынан 260 мушкер катышкан.

Related posts

Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу «жооптуу кызматка» дайындалды

admin

Мектеп убада кылышкан, миллиондорду уурдашкан: УКМК эки шектүүнү кармады

admin

Кыргызстанда TikTok өчүрүлүп баштайбы?

admin

Комментарий