Бишкекте аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Ленин районунда оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн «Мээрим борбору» баш калкалоочу жайы иштейт, аларга ысык тамак, жатакана, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардам берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда бул жерде 12 аял жана 14 бала жашайт, ал эми социалдык кызматтар «Кайрымдуулук борбору» коомдук фондунун эсебинен көрсөтүлүүдө. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 493 миң сом бөлүнгөн. Борбордун өзүнүн кир жуучу жайы, чач тарач, душ бөлмөсү жана ашканасы бар. Медициналык кызматты №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери көрсөтүшөт.

Документи жок аялдарга Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортторун жана туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам беришет. Колдоо үйү Трудов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан. Толук маалыматты 64-11-09 номерине чалып алсаңыз болот. Директор Роза Казиевна 88-38-99, Жамиля Абдыбекова — муниципалдык администрациянын адиси 65-68-79.

Related posts

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

admin

УКМК: Баасы 60 млн.800 миң сомдук консерва цехинин күнөскана имараты жана жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,3 млрд куб метрден ашты

admin

Комментарий