Бишкекте бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаарында жылытуу мезгилин 31-октябрда баштоо чечими кабыл алынган. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет.

Экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.

Related posts

3-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

КР УКМК: Жалал-Абад шаарында «Айка Мусаева» аталган белгилүү блогер кармалды

admin

Садыр Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тышкы карызга кирбейт»

admin

Комментарий