Бишкекте бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаарында жылытуу мезгилин 31-октябрда баштоо чечими кабыл алынган. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет.

Экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.

Related posts

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясынын тарифи өзгөрөт. Токтомго кол коюлду 

admin

Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду

admin

Германия Кыргызстанга 17 автобус белек кылды (видео)

admin

Комментарий