Бишкекте балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйүүдө. Ушуга байланыштуу балдарды ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн ооруканаларда кошумча керебет орундар жайгаштырылды.
— Улуттук энени жана баланы коргоо борбору, 2-база, дареги: Тоголок Молдо көч., 100 керебет;
— Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана, 35 керебет;
— Чүй облустук бириккен оорукана, 45 керебет. Учурда шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды төмөнкү иш сааттар менен кабыл алууда:
— иш күндөрү жана ишемби күнү саат 08:00 дөн 18:00гө чейин;
— жекшемби күнү саат 08:00 дөн 14:00гө чейин