Бишкекте баңгизат саткан милиционерлер кармалды – УКМКнын шок операциясы

Бишкек шаарында Ички иштер башкармалыгынын өзүнөн эле баңгизат саткан ыкчам кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Бишкек шаардык Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн атайын операциясынын жүрүшүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери – милициянын капитаны Б.Д.М. жана лейтенант Г.М.Б. кармалды. Алар жарандарга өсүмдүк тектүү жана синтетикалык баңги заттарын сатуу менен алектенип жүрүшкөнү далилденди.

Операция 2025-жылдын 29-апрелинде кезектеги ири доза баңгизатты өткөрүп берүү учурунда ишке ашкан. Кармалгандардын үйүндө жана иш ордуларында тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттар табылган.

Кармалгандардын бири — капитан Б.Д.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилсе, лейтенант Г.М.Б. Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Бул окуя милициядагы ички тазалануу процессинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. УКМК ИИМдеги абийирсиз кызматкерлерди аныктоо боюнча иштерди уланта турганын билдирди.

Related posts

Депутат Эмил Жусуповдун мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз бергени айтылды

admin

Кыргызстанда эми оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө болбойт

admin

25-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий